ВАЛЬС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 6 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЬС (нем. walzen – айлануу) – музыкалык жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.

Вальс. 20-кылымдын башындагы афиша.

Музыкалык өлчөмү адатта 3/4. XVIII кылымдын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түштүк Германия жана Австрия. XIX кылымда бүтүндөй Европага, айрыкча Вена вальсы өтө кеӊири тараган. Вальстын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман жана башка композиторлор жазышкан. Музыкалык театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), М. И. Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, П. Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. Вальс жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да Вальс жанры калыптанган (мисалы, М. Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» жана башкалар).