БУЛЬДЕНЕЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛЬДЕНЕ́Ж (фр. boule de neige – тоголок кар) – -өсүмдүктөрдүн шилбилер тукумуна кирүүчү калинанын бир түрү. Бийиктиги 3–4 метрге жетет. Гүлү аппак, шарга окшоп кооз болот. Апрелдин аягында гүлдөп, май – июнда гүлү күбүлөт. Жашылдандыруу максатында өстүрүлөт. Бульденеж нымдуу жана салкын жерде жакшы өсөт.