ВАЛЮТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВАЛЮТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – to ВАЛЮТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – баалуу кагаздар рыногунун элементи. Ишканалар Валюта облигацияларын учурда негизинен чет өлкөлүк инвесторлордун табыштамасы менен аныкталуучу рынок баасында сата алышат. Чет өлкөлүк инвесторлор бул кагазга акча салуу менен алар көп киреше алууну көздөшөт. Валюта облигацияларынын ээси болууга ниеттенген ишканалар алардан кредит алуусу же ишенимдик башкарууга берүүсү мүмкүн.