БУРЧТУК ЫЛДАМДАНУУ
БУРЧТУК ЫЛДАМДАНУУ – катуу нерсенин бурчтук ылдамдыгынын өзгөрүү тездигин мүнөздөөчү вектордук чоӊдук. Бурчтук ылдамдыгы бир калыпта чоӊоюучу (же азаюучу) нерсенин кыймылсыз октун айланасында айлангандагы бурчтук ылдамдануусунун сан чоӊдугу: ɛ=ᐃω/ᐃ, мында ᐃω – бурчтук ылдамдыктын ᐃᛱ убакыттагы өсүндүсү. Жалпы учуру: ɛ=δω/δ; бирдиги рад/сек2. Бурчтук ылдамдануунун багыты бурчтук ылдамдыктын багытына дал келет, ал эми акырындатылган айлануу кыймылында ага карама-каршы багытталат.