ВАНАДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНА́ДИЙ (Vanadium), V – элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы химиялык элемент; атомдук номери 23, атомдук массасы 50,942; табиятта эки изотоптон 50V жана 51V турат, Жер кыртышында массасы боюнча 0,015%. Күмүш түстүү жумшак металл, эрүү t 1900±25°С, кайноо t 3400°С, тыгызд. 6,11 г/см3. Сууда, минерал туздардын, щелочтордун эритмелеринде, туз кислотасында туруктуу. Плавик кислотасында, концентраттык азот жана күкүрт кислоталарында, «падыша арагында» жакшы эрийт. 700°Сде азоттун агымында ысытканда ванадий нитриди (VN) пайда болот. Жер кыртышында темир менен бирге сейрек кездешет. Бирикмелеринде 2, 3, 4, 5 валенттүү. Кычкылтек менен ванадий оксиддерин – VО, V2О3, VО2, V2О5 пайда кылат. Булардын ичинен негизгиси – V2О5. Ал – кызыл-саргыч түстөгү кристалл. Диамагнетик жарым өткөргүч. Алар айнек, фарфор, феррованадий жана күкүрт кислотасын алууда колдонулат; Ванадий кислотасынын туздары ванадаттар деп аталат. Хлор менен бир нече хлориддерди берет (маанилүүсү VCl3); күкүрт менен сульфиддерди (VS, V2S3, V2S5), көмүртек менен карбиддерди пайда кылат. Ванадий карбиддери (VС ж-а V2С) – боз түстөгү өтө катуу заттар; монокарбиди (VС) – жогорку температурада (2800°С) балкып эрүүчү, бекем, металл сымал жалтырак кристалл. Ал авиация жана атом өнөр жайында колдонулат. Ванадий кенташынын концентратын кислота жана жегичтер менен иштетүү, Ванадийлүү темир кенташын домнада эритүү, оксиддери менен галогениддерин калыбына келтирүү ж. б. жолдор менен алынат. Ванадийдин бирикмелери – уу заттар. Ал негизинен металлургияда аспап жана конструкциялык болотторду алууда, ядро техникасында колдонулат.