ВАНДОМ КОЛОННАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНДО́М КОЛОННАСЫ – Парижде Вандом аянтында (бийиктиги 43,5 м) Наполеон Iдин жеӊиштерининин урматына 1806–1810-жылдары тургузулган (архитекторлор Ж. Гондуэн жана Ж. Б. Лепер) колонна. Барельефтер

менен кооздолуп (француздар 1805-жылы Аустерлиц салгылашуусунда колго түшүргөн 1250 замбиректин колосунан куюлган), Наполеондук армиянын кармашуудагы эрдиктерин чагылдырган сүрөттөр түшүрүлгөн. Вандом колоннасынын үстүнө коюлган Наполеондун статуясы 1814-жылы рестраврация учурунда алынган жана 1863-жылы экинчи империянын тушунда кайрадан коюлган. Вандом колоннасы милитаризмдин символу катары каралып, Париж коммунасынын декрети боюнча 1871-жылы кыйратылган. 1875-жылы калыбына келтирилген.