ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (химияда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. valentia – күч) – хим. бир элементтин атомунун башка элементтин белгилүү бир сандагы атомдорун кошуп алуу же орун алмашуу жөндөмдүүлүгү. В. ж-дөгү түшүнүк 19-к-дын ортосунда пайда болгон. Д. И. Менделеев В. м-н элементтин мезгилдик системадан алган ордунун байланышын ачып, илимге өзгөрүлмө В. ж-дөгү түшүнүктү киргизген. Элементтин эӊ жогорку В-ү анын мезгилдик системадагы жайгашкан тобуна (группасына) дал келет. Мис., көмүртек атомунун эӊ жогорку В-ү 4кө, ал эми хлордуку 7ге барабар. Электрон ачылып, атомдун түзүлүшү ж-дөгү окуунун өнүгүшү м-н, В. теор. жактан түшүндүрүлө баштаган. Атомдордун өз ара аракеттениши электрондун бир атомдон экинчи атомго өтүшү аркылуу жүрөт. Мында электронун берген атом оӊ, кошуп алган атом терс заряддалган иондорго айланат. Бирок көп учурда хим. өз ара аракеттенүү электрондордун бир атомдон экинчи атомго өтүшү м-н гана жүрбөстөн, атомдордун бири-бири м-н жуп электронду пайда кылуусу аркылуу да ишке ашат.