БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович (21. 6. 1955-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Миӊ-Куш шаарчасы) – композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1990). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1985), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1998), Ч. Айтматов ийриминин, «Түгөлбай ата» коомунун, «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. 1998-жылы Кыргызстанда ачылган Улуттук консерваториянын туӊгуч ректору. 15 жашынан республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатта окуп, труба, кларнет, фагот аспаптарында ойноону үйрөнгөн. Композитор М. Абдраевден сабак алган. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1974–1977), П. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын (1977–1982), аспирантураны (1984) ийгиликтүү аяктаган. 1983-жылы Москвада өткөн композиторлордун эл аралык конкурсунда симфониялык поэмасы үчүн башкы байгеге ээ болгон. Поэма XIX кылымдын белгилүү орус сүрөтчүсү К. Брюлловдун «Помпейдин акыркы күнү» аттуу сүрөтүнө таасирленип жазылган. Чыгармалары Югославия, Польша, Чехословакия, Япония, Германия, Куба жана башка өлкөлөрдө аткарылган. Бегалиевдин кылдуу аспаптар үчүн квартети, «Карыяны эскерүү» фортепианолук сюитасы, «Манас» симфониясы, «Бала кез кайрыктары» сүрөттөмөсү, «Майрамдык увертюрасы», камералык оркестр үчүн «Ностальгиясы», скрипка жана фортепиано үчүн «Манас» сонатасы, жазуучу Ч. Айтматовдун демилгеси менен ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн Эл аралык форумга арналган «Жаратуучунун гимни», «Сүйүү эмне?» аттуу үчилтиги жана башка көптөгөн чыгармалары, ырлары анын таланттуулугун айгинелейт. «Каркыранын канаты», «Амидзима», «Жаӊыл Мырза», «Манастын уулу Семетей» жана башка 50дөй спектаклге, 30дан ашуун даректүү жана көркөм тасмаларга музыка жазган. Алардын ичинен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Бороондуу бекет», «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» жана башкалары Германияда, Японияда, Сирияда, Индияда, Москвада өткөн кино тасмалардын эл аралык фестивалдарынын жеӊүүчүлөрүнөн болду. Бегалиев – көптөгөн обондуу ырлардын автору. П. Чайковский атындагы жана Бириккен улуттар уюмунун алтын медалдарынын ээси. III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.