БАРАКАН КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Mariya (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАКАН КҮМБӨЗҮ – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү XIX кылымдын орто ченине таандык архитектуралык эстелик. Көгарт жана Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз Орто Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кеӊдиги) казылып, сөөк бузулбас үчүн таманына атайылап арчанын күлүнөн калыӊ төшөлүп, шыбы (үстү) жалаӊ арча устун менен жабылган. Күмбөзгө Тайлак баатырдын урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча менен «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт боюнча өз-өзүнчө көмүлүп келет.
Т. Абдылдабеков.