БӨРҮ ЖАТЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 4 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨРҮ ЖАТЫШ – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу. Дененин аллергия реакциясынан (к. Аллергия), айрым тамак-аш (жумуртка, бүлдүркөн, кожогат, шоколад, бал, балык), дары (антибиотиктер, сульфаниламиддер) жакпаганда жана сууктан да болот. Өнөкөт бөрү жатыш ички органдардын (боор, карын, ичеги, бөйрөк) ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, ичте мите курттардын болушуна же солгун өтүп жаткан өнөкөт сезгенүү ооруларына (тонзиллит, гайморит, отит ж. б.) да байланыштуу. Ал капысынан башталат. Кол, бут, бетке ар түрдүү көлөмдө ачык мала кызыл, кээде ак түстө ортосу томпогой бүдүрлөр чыгат. Аябай кычышып, дүүлүктүрөт. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жок болуп кетет. Оорулуунун эти ысыйт, алы кетет. Кээде бөрү жатыш катуу кармап, жумшак таӊдайдын, кулкундун, бронхтордун, ички органдардын былжыр чели шишип кетип, аба жетпей муунтат. Мындай учурда токтоосуз врач чакыруу керек. Бөрү жатышты врачтын көрсөтмөсү боюнча дарылайт. Мүнөздөп тамак ичип, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, сүрсүгөн, туздалган тамакты жегенге болбойт. Катуу кармаган бөрү жатышта денеден аллергенди (тамак же дарыны) тез чыгаруу, суюктукту көп берүү керек.