ВАСИЛЕВСКИЙ Михаил Григорьевич
ВАСИЛЕВСКИЙ Михаил Григорьевич (1932-ж. т., Сахалин а-ндагы Широкая Падь кыш.) – медицина илимдеринин доктору (1999). Благовещенский ММИни бүтүргөн (1959). Чита мединститутунда ассистент, доцент, облустук онкология диспансеринде радиолог-врач, Семипалатинск мединститутунда, КММИде кафедра башчысы (1976 –84). КР УОБдо жетектөөчү илимий кызматкер (1984–2003). Акушерлик ж-а гинекология, неонтология, зыяндуу шишиктердин статистикасы ж-а эпидемиологиясы, саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис. 2003-жылдан Алдын алуу медицинасы боюнча илимий өндүрүштүк бирикмеде илимий консультант болуп иштейт. Василевский бийик тоо шартында онкология ж-а тобокелдик теориясынын, ошондой эле жугуштуу эмес өнөкөт оорулардын резервометриясына негиз салуучулардан болуп саналат. 132ден ашык илимий эмгектери, 1 монографиясы бар.
Эмг.: Эпидемиология рака шейки матки в Кыргызстане.Б. 1996.