БАРСКОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 17 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Барскон айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Барскон суусунун оӊ өйүзүндө, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1680 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 45 километр батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 144 километр 1911-жылы орношкон. Калкы 9248 (2022); дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, медпункт, маданият үйү, китепкана, соода борборлору бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.