ВЕЛИКИЙ НОВГОРОД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЛИКИ́Й НО́ВГОРОД – Россиядагы шаар. Новгород обл-нун адм. борбору. Калкы 225,0 миӊ (2021). Облустун батышында, Ильмен көлүнөн 6 км түндүктө жайгашкан. Волхов д-ндагы пристань. Жолдор тоому, аэропорту бар. Алгач 12- к-дын башынан эскерилет. 1136–1498-ж. шаар Новгород Респ-нын борбору болгон. 14-к-дын аягында В. Н. деп аталган. 1708–27-ж. Новгород Санкт-Петербург губерниясынын курамына кирип, 1719–75-ж. провинциянын, 1727–1927-ж. Новгород губерниясынын, Түн.-Батыш крайдын, райондун ж-а Ленинград обл-нун (1927–44) борбору болгон. Улуу Ата Мек. Согушта толугу м-н талкаланып, 1945-ж. указ м-н калыбына келтирилген. 1999-жылдан азыркыдай аталат. Шаар о. кылымдагы кайталангыс археол. байыркы эстеликтери м-н даӊкталат. 2005-ж. шаардын аймагынан табылган 11–15-к-га таандык береста (кайыӊ кабыгы) грамотасы (956, а. и. 450дөн ашыгы 11–15-к-га таандык) – орус археологдорунун 20-к-дагы ири табылгасы. 2000-ж. момдолгон жыгачка жазылган славяндардын эӊ байыркы окуу китеби (10–11-к.) табылган. Шаар – тарыхый-арх-ралык музей-корук. Волхов д-нын оӊ жээгинде

Шаардын жалпы көрүнүшү. София собору (15–17-к.), епископ сарайы (1433), саат мунарасы (1673), «Россияга миӊ жыл» эстелиги (1862), чиркөөлөр (Нередицедеги Спас, Николо-Дворщенск, 1113-ж.чен; Успенье, Воскресенье ж. б.), монастырлар (Хутын, Сырков, Никольск, Клонск, Георгиевск Юрьев) бар. В. Н-дун тарыхый-маданий эстеликтери ж-а алардын айланасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар – облустун ири өнөр жай борбору. Түстүү металлургия, машина куруу («Сплав» корпорациясы – АЭСтер ж-а куурлар үчүн арматура), хим. («Акрон» з-ду – мин. Жер семирткичтер, айнек буласы з-ду), жыгаччылык ж-а тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т (1993; 4 ин-тту, а. ч. ж-а табигый байлыктары академиясын, 5 коллежди камтыйт), китепкана (1833), музейлер (а. и. «Витославицы» жыгач зодчийлиги, 1964; жыгач чиркөө, 16–18-к; жел тегирмен ж. б.), театрлар (а. и. академиялык, «Малый» балдар ж-а жаштар үчүн) бар. 1992-жылдан «Жомок паашасы» театр, 2002-жылдан «Европа боюнча музыка сейили» фестивалдары ж-а эл аралык ири шахмат турнирлери (1995, 1996, 1997) өткөрүлүп турат. Ад.: Рыбина Е. А. Торговля средневековго Новгорода. Великий Новгород, 2001; Янин В. Л. У истоков новгородской государственности. Великий Новгород, 2001; он же. Новгородские посадники. 2-е изд. М., 2003; он же. Средневековый Новгород. М., 2004; Берестяные грамоты: 50 лет открытия и изучения. М., 2003.