ВЕДАЛАР

ВЕДАЛАР (санскр. сөзмө-сөз – билим) – байыркы инди (веда) тилиндеги эстеликтер (биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын аягы – 1-миӊ жылдыктын башы). Ведаларды же веда адабиятын гимндер менен курмандык формулаларынын жыйнактары (Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа), теологиялык трактаттар (брахмандар, упанишадалар) түзөт. Ведалар – эӊ байыркы Индиянын социалдык-экономикалык жана маданий тарыхы боюнча баалуу маалымат берүүчү дарек.

