ВЕДУТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕДУТ́А (итал. veduta – көрүнүш) – живопись же графикада архитектуралык пейзаждын бир түрү.

Ведута. А. Каналетто. Венециядагы Риальто көпүрөсү
м-н чоӊ канал. 1730–50-ж. чен. Улуттук гал. (Рим).

Калриччиодон айырмаланып, Ведута шаардын так топографиялык көрүнүшү. Термин XVIII кылымда Италияда пайда болгон: жергиликтүү сүрөтчүлөр саякатчыларга арнап шаар пейзаждарын жаратышкан. Ведутанын ири чеберлери Венецияда Л. Карлеварис, А. Каналетто, Б. Беллотто, М. Риччи жана башкалар болгон. Ведута салттары XX кылымдын башындагы архитектуралык пейзаж чеберлеринин чыгармачылыгында өзгөрүүгө учураган жана панораманын жана көркөм фотографиянын башаты болгон.