БАРСКОН АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 22 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндө. Барскон суусу менен Ара-Бел ойдуӊунун башында, деӊиз деӊгээлинен 3756 м бийиктикте жайгашкан. Ашуунун белинде гранит жана акиташ тектери жатат. Айланасында 4386–4512 м бийиктиктеги чокулар, мөӊгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска, түштүк капталы жапыз жана айдөөш, акырындык менен сыртка өтөт. Ашуунун чарбачылыкта мааниси чоӊ. Ички Теӊир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү менен байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кум -Төр алтын кенине барчу автомобиль жолу жана жогорку вольттуу электр линиясы өтөт.