ВЕНЕ́РА – байыркы Рим мифологиясындагы кудайлардын бири, Юпитер менен Дионанын кызы. Алгач жаздын жана багбанчылыктын, кийин гректердин Афродита кудайы менен окшоштурулуп, сүйүүнүн жана сулуулуктун кудайы катары да кастарланган.