ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР (Венецианов мектеби) – XIX кылымдын 2-чейрегиндеги живописчилердин жана графиктердин тобу; А. Г. Венециановдон Санкт-Петербургда жана Тверь губерниясынын Сафонков кыштагында окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–1840-жылдарга туш келет. Орус живописинде Венециановчулардын чыгармачылыгы айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. Венециановчулардын сүйүктүү жанры – портрет (көбүнчө интерьердеги), пейзаж, интерьер жана натюрморт. Венециановчулардын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: Окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун жана башка катары кызмат кылган. Бул болсо Венециановчуларды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.

А. Г. Венециановдун мектеби


Ад.: Алексеева Т. В. Художники школы Венецианова. М., 1958.