БАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ – адам жана жаныбарлардын денесинин жогорку же алдыӊкы бөлүгү. Анда борбордук нерв системасы, сезүү органдары, тамак сиӊирүү, дем алуу системаларынын алдыӊкы бөлүктөрү жайгашкан. Баштын жайгашуусу менен кыймылы ар бир класстагы жаныбарларда түрдүүчө. Балыктар, жерде-сууда жашоочуларда – кыймылсыз, ал эми сүт эмүүчүлөрдө, канаттууларда, сойлоочуларда моюн омурткалары болгондуктан, кыймылдуу келип, туш-тарабын кароого (киттен башкасы) жөндөмдүү. Көпчүлүк курттарда б а ш б ө л ү к деп аталат, анткени башы тулкусунан бөлүнбөйт. Адамдын башы башка жаныбарлардыкынан айырмаланып өзгөчө өөрчүгөн, кыймылдуу биринчи моюн омурткасы (атлант) менен бириккен.