ГАВРИЛОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:57, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВРИ́ЛОВКА – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Гавриловка айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1812-ж. отурукташкан. Калкы 4590 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, дарыкана, маданият үйү, китепкана бар.