ГАИПОВ Рустамбек Гаипович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ГАИПОВ to ГАИПОВ Рустамбек Гаипович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИПОВ Рустамбек Гаипович (7.5.1951-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал айылы) – медицина илимдеринин доктору (1998), профессор (2002). КММИни бүтүргөн (1975). КРдин саламаттык сактоого эмгек сиӊирген кызматкери (1997). РКОдо бөлүм башчы (1978–85), КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргызстан туберкулёз ИИИде клиникалык хирургия бөлүмүнүн жетекчиси, 1999-жылдан УФБда хирургия клиникасынын башчысы, 2000-жылдан КММАнын профессору болуп иштейт. Хирургия боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинен 1 монография, 2 ойлоп табуусу бар.


Эмг.: Морфологическая диагностика заболеваний лёгких (в соавторстве). Новые методы диагностики в пульмонологии. М., 1980; Оперативная эндоскопия в торакальной хирургии. Б., 2000.