ГАЙДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:37, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
А. П. Гайдар
Китептери

ГАЙДА́Р (Г о л и к о в) Аркадий Петрович [9(22). 1. 1904, Льгов, азыркы Курск облусу – 26. 10. 1941, Черкас облусу, Канев району] – балдар жазуучусу, сценарист, журналист, орус балдар адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири. 1918-жылы ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, кийин Киевдеги жөө аскерлер курсун бүтүргөн. 16 жашында полкко командир болгон. Ал согуштан бир нече ирет жараат алгандыктан, 1924-жылы армиядан бошотулган. Анын чыгармачылыгы 1925-жылдан башталган. «Мектеп» (1930) аттуу өмүр баяндык повестинде жаш өспүрүмдөрдүн башынан өткөргөн революциялык күрөшү чагылдырылган. Ал – «Алыскы өлкөлөр» (1932), «Согуш сыры» (1935), «Барабанчынын тагдыры» (1939) повесттеринин жана «Көгүлтүр чыны» (1936) аӊгемесинин автору. Бул чыгармаларында жазуучу жаӊы турмуштун курулушун, адеп-ахлактык жана атуулдук тарбиянын татаал проблемаларын чагылдырган. «Чук жана Гек» (1939) повестинде Ата Мекенге болгон мээримди даӊазаласа, «Тимур жана анын командасы» (1940) повестинде жаш жеткинчектердин атуулдук демилгесин сүрөттөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда «Комсомольская правда» гезитинде кабарчы болуп иштеген; согушта баатырларча курман болгон. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.