ГАЙРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЙРАТ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Көтөрмө айыл округуна караштуу. Фергана – Хамзабат автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 16 км, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 56 км. Калкы 1403 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.