ВАРГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:09, 15 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРГА́Н (латынча organum, грекче organon – курал, аспап) – темир ооз комуздун түрү; тилдүү какма музыкалык аспап. Жыгач, сөөк, темирден жасалат. Варганды кыргыздын ооз комузу сыяктуу тишке кыпчып, тилин сөөмөй менен

какканда, ооз көӊдөйүнүн чоӊоюп же кичирейгенине жараша добуш чыгат. Варган менен көбүнчө кыска күүлөр ойнолот. Варган негизинен Орто жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка элдеринде кеӊири таралган.