ГАЛИ
ГА́ЛИ Бутрос (14. 11. 1922, Египет, Каир – 16. 2. 2016, ошол эле жерде) – египеттик дипломат, саясий жана мамлекеттик ишмер. Бириккен улуттар уюмунун Генералдык секретары (1992–1996). 1977–1991-жылдары Египеттин тышкы иштер

министри, 1991-жылдан премьер-министрдин эл аралык маселелер боюнча орун басары. Президент А. Садаттын кеӊешчиси катары Египет-Израиль жаӊжалын жөнгө салуунун демилгечиси катары чыккан. Россия ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1994).