ГАЛИЕВ Ренат Сулейманович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ГАЛИЕВ to ГАЛИЕВ Ренат Сулейманович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛИЕВ Ренат Сулейманович [1938-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – микробиолог, ветеринария илимдеринин доктору (1974). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1996). 1958-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1958-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биохимия ж-а физиология (Биотехнология) институтунун кенже, 1965-жылдан улук илимий кызматкери, 1973-жылдан лаборатория башчысы. Ветеринардык микробиология, вирусология жана иммунология боюнча адис. Илимий эмгектери некробациллёз ылаӊына каршы күрөшүүгө арналган.
Эмг.: Некробациллёз овец (соавт.). Ф., 1965; Испытание дибиоцимида при некробациллёзе овец. М., 1967; Современные научные основы биотехнологии вирусных препаратов. Ф., 1997.