ГАЛУА ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 16 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Бекзат (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛУА́ ТЕОРИЯСЫ – бир белгисизи бар жогорку даражадагы алгебралык теӊдемелер теориясы. Аны франциялык математик Э. Галуа түзгөн. Бул теорияда Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle x_n \ + \ a_1 x^{n-1}+...+a_{n-1}x \ + \ a_n = 0 \ (*)} түрүндөгү теӊдеменин тамырларын Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle a_1,a_2, \ ..., \ a_n} ап коэффициенттери аркылуу тамырдан чыгаруу ж-а арифметикалык төрт амалдын жардамы м-н туюнтуу. Мисалы, Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle x^m=a} теӊдемесинин чыгарылышы радикалы болсо ж- а түрүндөгү теӊдеме эки мүчөлүү теӊдемеге келтирилсе, анда теӊдеме бардык -даражалуу теӊдемелер радикал аркылуу чыгарылат (к. Квдраттык теӊдеме, Кубдук теӊдеме, Кардано формуласы). ж-а андан жогору даражалуу теӊдемени радикал аркылуу чыгаруу натыйжа берген эмес. 18-кылымда бул теӊдемелерди радикалда чыгарууда франциялык математиктер Э. Безу (1730–83) м-н Ж. Лагранж (1736–1813) көп эмгектенген. 1801-жылы К. Гаусс түрүндөгү эки мүчөлүү теӊдеменин радикалдагы толук чыгарылышынын теориясын түзгөн. Геометрияда бул маселе туура -бурчтуктарды циркуль ж-а сызгычтын жардамы м-н чийүүгө мүмкүн экендигин көрсөткөн; ошондуктан Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle x^n=1} теӊдемеси айлананы бөлүү теӊдемеси деп аталат. 1824-жылы Н. Абель Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle n\geq5} болгондо Failed to parse (SVG (MathML can be enabled via browser plugin): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle (*)} теӊдемеси радикал аркылуу чыгарылбастыгын далилдеген. Натыйжада алгебралык 5-даражадагы теӊдеменин коэффициенттери ал теӊдеме радикалда чыгарылышы үчүн, кандайдыр бир шарттарга баш ийишинин зарыл ж-а жетиштүү шарттарын табуу маселеси пайда болгон. Бул маселени Э. Галуа «Теӊдемелердин радикал аркылуу чыгарылышынын шарттары жөнүндөгү мемуар» (1832) деген эмгегинде баяндап, 1846-жылы жарыялаган. Ошондон бери бул теория Галуа теориясы деп аталат.


Ад.: Галуа Э. Сочинения/Пер. с франц. М.; Л., 1936; Чеботарев Н. Г. Основы теории Галуа. Ч. 1–2, М.; Л., 1937; Постников М. М. Основы теории Галуа. М., 1964.