ГАММА-СПЕКТРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 13 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАММА-СПЕКТРОМЕТР – to ГАММА-СПЕКТРОМЕТР) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ММА-СПЕКТРОМЕ́ТР – гамма нурлануунун энергиялык спектрлерин өлчөөчү прибор. Бул спектрометр энергиялары боюнча бири бирине өтө жакын болгон -сызыктарын ажыратууга жөндөмдүү. Гамма-спектрометр негизинен магниттик, кристаллдифракциялык ж-а сцинтилляциялык болуп бөлүнөт. Магниттик Гамма-спектрометр кандайдыр нерсени  -нурлары м-н нурландырууда бөлүнүп чыккан экинчи электрондук нурланууларды талдоо үчүн пайдаланылат. Гамма-спектрометрдин иштөө принциби  -нурунун кристалл торчодон чагылуусуна негизделген. Өлчөөдө мүмкүн болгон жогорку тактыкты дифракциялык Гамма-спектрометр бере алат. Сцинтилляциялык Гамма-спектрометрде -нурун талдоо сцинтиллятордо экинчи ирет пайда болгон электрондордун жардамы м-н жүргүзүлөт. Чоӊ энергиялуу  - нурун изилдөөдө ядролук фотоэффект кубулуштарын колдонууга болот.  -нуру кагып чыгарган нуклондордун энергиясын аныктоо иондоштуруучу камералар, фотопластинкалар ж. б. приборлордун жардамы м-н ишке ашат. Аз энергиялуу -нурунун энергиясын аныктоо үчүн пропорциялык санагычтар колдонулат.