ГАММА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ММА – 1) гректердин Гамма тамгасынын (тыбышынын) атынан аталган орто кылымдагы музыкалык үн катарларынын эӊ төмөнкү добушу, азыр – октава арасындагы добуштар тартиби; 2) добуш катарларынын ээрчишүүсү, башкы тондон баштап жогорулоочу же төмөндөөчү тартипте жайгашат. Гамма октаванын көлөмүндө, бирок жогору карай ошол принципте жайгашышын улантып, төмөн көздөй октавага жакындашат. Гамма курамынын санын көрсөтөт жана бийик добуштардын баскычын байланыштырат. Гамманын 7 добуштуу диатоника, 12 добуштуу хроматика, 5 добуштуу пентатоника, мажор, минор сыяктуу түрлөрү бар. Гамма ар түрдүү добуштардан куралат. Мисалы, «до» добушунан түзүлгөнү «до-мажор», «ля» добушунан түзүлгөнү «ля-минор» деп аталат. Гамма ырдоодо ж-а аспапта ойноодо такшалууну арттырып, чеберчиликти көтөрүүдө көнүгүү үчүн да пайдаланылат.