ГАРСИЯ
ГАРСИЯ́Я Мануэль дель Пополо Висенте Родригес (22. 1. 1775, Севилья, Испания – 10. 6. 1832, Париж, Франция) – испан опера артисти (тенор), композитор жана педагог. Гарсия белгилүү артисттер: Гарсиянын, М. Малибран, П. Виардо атасы. 6 жашынан Севильяда чиркөө хорунда ырдаган. 1798-жылы Мадрид театр труппасында франциялыктардын күлкүлүү операларында тенор партияларын аткарган. Париждеги «Театр Итальенде» ырдаган, биринчи тенору болгон. 1818-жылдан Лондон театрларында ырдаган жана ыр мектебин негиздеген. Ырчы балдары менен Америка Кошмо Штаттарында гастролдо болгон. Гарсиянын репертуары өз мезгилиндеги тенор партияларынан турган: Дон Оттавио, Дон Базилио (Моцарт, «Дон Жуан», «Фигаронун үйлөнүшү»), Ахилл (Глюк, «Ифигения Авлидеде»), Норфолк (Россини, «Елизавета – Англиянын королевасы») жана башкалар. Гарсия «Туткун», «Багдад калифи», «Үйлөнүүнүн эки жагы», «Анткор кызматчы», «Диана жана Эндимон», «Абуфар» жана башка көптөгөн опералардын автору жана коюучусу. 1828-жылдан Парижде жашап, өзү негиздеген ыр мектебинде вокалдык искусстводон сабак берген.
