ГАФУРОВ Бобожан Гафурович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 20 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАФУРОВ Бобожан Гафурович [18(31). 12. 1908, Тажикстан, Согдий облусу, Хожент району, Исписар кыштагы – 12. 7. 1977, Душанбе) – коомдук ишмер, чыгыш таануучу, тарыхчы. Тажик ССР ИАнын академиги (1951), СССР ИАнын академиги (1968), корреспондент-мүчөсү (1958). Тажикстандын илимине эмгек сиӊирген ишмери (1967). 1931–35-жылдары Москвадагы Бүткүл союздук коммунисттик журналистика институтунда окуган. 1936-жылдан Тажикстан КП(б) БКнын аппаратында инструктор, басма бөлүмүнүн, маданий агартуу секторунун башчысы, пропаганда ж-а агитация боюнча секретары, 1944–46-жылдары Тажикстан КП БКнын экинчи секретары, 1946-жылдан биринчи секретары болуп шайланат. 1942–48-жылдары СССР ИАнын Тажик филиалында тарых, тил ж-а адабият институтунда тарых секторун жетектеп

турган. 1956–77-жылдары СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун (Москвада) директору болуп иштеген. Эмгектери негизинен тажик элинин тарыхына арналган. «Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история» (1972) монографиясында Орто Азия аймагында алгачкы адамдар коомунун пайда болушунан 18-кылымдын орто ченине чейинки мезгил изилденип, тажиктердин, башка ортоазиялык элдердин Чыгыштын башка элдери м-н тарыхый байланышы кеӊири каралган. Гафуров Чыгыштын атактуу акындары, ойчулдары, окумуштуулары – Калидаса, Фараби, Фирдоуси, Бируни, Ибн Сина, Дехлеви, Гуру Нанак, Насими, Асири, Иклаба ж. б. жөнүндө китептер жазган. Анын «Александр Македонский жана Чыгыш» деген эмгегинде Чыгыш-Батыш проблемасынын жаӊы аспектилери талкууланып, эллиндик цивилизациянын чыгыштык компоненттери ачылып берилет, антикалык дүйнөнүн маданиятынын өз ара таасири ж-а синтези чагылдырылат. Анын активдүү колдоосу ж-а башкы редакциялык коллегияга төрагалыгы астында эӊ көрүнүктүү чыгыш таануучу академик В. В. Бартольддун эмгектеринин толук жыйнагынын басылышы ишке ашкан. Гафуров жетектеген институт чыгыш таануунун дүйнөлүк мааниге ээ ири борборуна айланган. СССР Жогорку Советинин (1946–62, 1966–70) депутаты болгон. 6 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: История таджикского народа. 3 изд. М., 1955; Кушанская эпоха и мировая цивилизация. М., 1968; Таджики. Древнейшая, древняя и средневековая история. М., 1972; Ал-Фараби в истории культуры. М., 1975; Александр Македонский и Восток. М., 1980; Гафуров Б. Г. Избранные труды. М., 1985.
Ад.: Б. Г. Гафуров. Библиография. Душ., 1969. Ч. Жумагулов.