ГАШЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 20 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ШЕК Ярослав (30. 4. 1883, Прага – 3. 1. 1923, Липнице) – чех жазуучусу, сатирик. XX кылымдын баш ченинде анын жол очерктери, юмордук сүрөттөмөлөрү жарыялана баштаган. Кийинки жазылган социалдык мүнөздөгү сатиралык аӊгеме, фельетондорунда аскердик бийлик мtенен буржуазиялык мамлекеттик аппараттын бюрократизмин, моралын, маданиятын, диний ырым-жырымын ашкерелеп, элдин оор турмушун көрсөткөн. 1915-жылы Австрия-Венгрия армиясына чакырылып, көп узабай орус аскерлерине туткунга түшкөн. 1916-жылы Россиядагы чехословакиялык аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган, аскер журналисти болуп иштеген. 1920-жылы ата-журтуна келип, чыгармачылыгын уланткан. «Эргул жоокер Швейктин дүйнөлүк согуш мезгилинде башынан өткөргөндөрү» (1921–1923) романында эл турмушунун реалисттик көрүнүштөрү курч сатиралык гротеск менен эриш-аркак берилген. Роман 30га жакын жолу экрандаштырылган. Чехословакияда Гашектин музейи (Липницеде) ачылган.


Чыг.: Собр. соч. т. 1–5. М., 1966.