ГДАНЬСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:41, 21 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГДАНЬСК – Польшадагы шаар. Балтика деӊизинин жээгинде, Висла дарыясынын боюнда жайгашкан. Гданьск воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 582,2 миӊ (2017). Өлкөнүн ири порту (жылына 20 млн. тоннадай жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Кеме куруу, электр-техника, химия, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, деӊиз музейи, театрлар (опера, драма) иштейт. XIV–XV кылымдардын шаар чептери жана порт курулмаларынын калдыктары, Дева Мария костёлу (XIV–XVI кылымдардын аягы), башкы ратуша (XIV–XVI кылымдар), арсенал (XVII кылымдын башы), ренессанс жана барокко стилинде курулган үйлөр сакталган. Алгач X кылымдын аягынан эскерилет. X–XIII кылымдарда Чыгыш-Поморье княздыгынын борбору. 1793–1918-жылдарда Германияга баш ийип турган (Данциг деп аташкан). Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча «Эркин шаар» статусун алып, Улуттар лигасынын башкаруусунда болгон.