ГЕККОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕККОНДОР (Gekkonidae) – сойлоочулардын кескелдириктер түркүмүндөгү тукуму. Көзү чоӊ, тостогой, жумулбайт. Геккондордун узундугу 30 смге чейин. Буттары жакшы өөрчүгөн, манжалары жазы, куйругу морт, тез үзүлүп, кайра тез өсүп чыгат. Өӊү боз же күрөӊ. Геккондор күндүз жашынып жатып, тиричилигин күүгүм талаш ж-а түнкүсүн өткөрөт. Көпчүлүгү дарак түптөрүндө, шагыл таштарда кездешсе, кээ бир түрлөрү кумдуу чөлдө жашайт. Курт-кумурска, жөргөмүш сымалдарды жейт. Бардык түрү жумуртка тууйт. 80ге жакын урууга бириккен 900дөй түрү бар. Алар тропик ж-а субтропик зоналарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө (көбүнчө Орто Азия м-н Казакстанда) 8 түрү кезигет.