ГЕКСАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕКСА́Н, н-г е к с а н, СН3(СН2)4СН3 – каныккан углеводород, түссүз суюктук. Молекулалык салмагы 86,18; эрүү t – 95°С; кайноо t 68,95°С. Сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде эрийт, орун алмашуу реакциясына кирет. Гексан нефтиде, анын крекингдистилятында, түз буулантып айдалган бензинде кездешет. Синтездик бензиндин негизги бөлүгүн түзөт. Өнөр жайда гексенди гидрлөө, гексамагний галогендерин суу м-н ажыратуу, Вюрц реакциясы ж. б. жолдор м-н алынат. Бензол алууда колдонулуучу бензин фракциясынын курамында болот. Гександын 2,2-диметилбутан (неогексан) ж. б. изомерлери (диизопропил) мотор отунунун сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат.