ВЕНЕЦИЯ АЙНЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕ́ЦИЯ АЙНЕГИ – үйлөө жолу м-н жасалган көркөм буюмдар. 13-к-да Сирия м-н Византиянын айнек жасоо тажрыйбасын өздөштүрүү м-н Венецияда пайда болуп, кылымдын аягында өрт коркунучунан ж-а айнек чыгаруу сырын сактоо үчүн В. а-н өндүрүү Мурано а-на топтолгон. В. а-нин гүлдөп өнүгүшү Кайра жаралуу дооруна таандык. 15–16-к-да Мурано а. Европада айнек өндүрүшүнүн борборуна айланат. В. а-нин ку-

Венеция айнеги. Кумура. 16-к. Эрмитаж (Санкт-Петербург). рамы капталы жука буюмдарды үйлөп жасоого ж-а жасалгалоого шарт түзгөн. Алтын жалатылган ж-а эмаль м-н сырдалган айнек идиштердин, ар кыл кубоктордун, а. и. чебер уста Анжело Баровьеринин (15-к.) портреттер, атчандар, балыктын кабырчыгы түрүндөгү орнаменттер түшүрүлгөн кубокторунун, о. эле шуру, күзгүлөрдүн даӊкы көп жерге тараган. Жогорку көркөмдүктөгү тор сымал орнамент ж-а оролмо түр салынган («венеция жиби») филигрань техникасындагы, ажыдаар фигуралуу буттары бар кубоктор айырмаланышкан. В. а. Франция, Бельгия, Германияда айнек өндүрүшүнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. «Венеция манерасындагы» айнектер Россиянын алгачкы айнек з-ддорунда да чыгарылган.