ВЕНЕЦИЯ МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕ́ЦИЯ МЕКТЕБИ – Италиянын Венеция ш-нда негизделген сүрөт мектептеринин бири. В. м-не гражд. оптимисттик башталма, дүйнө, адам ж-а жаратылышты поэтикалуу кабылдоо, түстөрдү кылдат айкалыштыруу мүнөздүү. Венеция живописи (14-к.) боёктордун шаӊдуулугу, кооз оймо-чиймелери, готикалык ж-а византиялык салттары м-н өзгөчөлөнгөн. Кайра жаралуу доорунда бир туугандар Виваринилер

Ф. Гварди. «Венециядагы Лидо көлүндөгү майрам». Фрагмент. 1763–70. Лувр (Париж). Якопо ж-а Жентиле Беллинилер, Витторе Карпаччо, Карло Кривелли ж. б. ак сөөк сүрөтчүлөр пайда болгон. Алар диндик каада-салттарды сюжет катары чечмелеп, Венециянын күнүмдүк турмушун сүрөткө түшүргөн. 16-к-дын 1-жарымында Жоржоне ж-а Тициандын чыг-лыгы В. м-нде живописти калыптандырган. Жоржоненин лирикалык жанры – пейзаждык станоктук композициялары гармониялык образдар, жумшак түстөгү гамма композициялык ритмдеги музыкалуулукту, поэтикалык ойду бийик көрсөткөн. Тициандын чыг-лыгы В. м-не таандык көркөм сезимталдыкты тартуулайт. В. м-нде Тициандын портреттери өзгөчө орунду ээлеген. 16-к-дын 2-жарымындагы чеберлердин чыгармаларында түстүү боёкторду виртуоздуу пайдаланып, жаратылыштын сулуулугун, адамдардын акыл-ойлорундагы умтулууларды чагылдырышкан. 16-к-дагы Венеция иск-восундагы жаӊычыл принциптер Европа иск-восуна таасирин тийгизип, жаӊы жанрлар – тарыхый жанр, баталдык жанр, топтук портреттер жаралган. 18-к-да В. м-нде гүлдөө мезгили башталган. Монумент жасалга живописи м-н жеӊил колорит айкалышкан чыгармалар жаралган (Ж. Б. Тьеполо, Ж. А. Каналетто, Б. Белотто). Венециянын арх-ралык ансамблдери м-н эстеликтери чагылдырылган пейзаж-панорамалар пайда болгон. Венециялык живописчилер ачык асман астында, жарык м-н абанын таасиринде табигый шарттарды пленэрдик натыйжаларда окуп үйрөнүшкөн ж-а изденишкен. Н. Жылдызова.