ГЕРМЕС, ЭРМИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМЕ́С, Э́рмий – байыркы грек мифологиясында Зевстин уулу, алгач мал чарбачылыктын жана малчылардын кудайы, кийинчерээк Олимп кудайларынын жарчысы катары урматталып, жолоочулардын, соодагерлердин, сооданын жана кирешенин колдоочусу катары саналган, лираны жана малчылардын чоорун ойлоп тапкан. Гермес байыркы рим мифологиясында Меркурийге дал келет.