ГЕНОТИП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 22 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНОТИ́П (ген... ж-а гр. tepos – калдык) – белгилүү бир организмдин бардык гендеринин жыйындысы. «Генотип» терминин 1909-жылы даниялык генетик В. Иогансен киргизген. Азыркы генетикада генотип өз алдынча кызмат кылуучу гендердин жыйындысы гана эмес, ар кандай деӊгээлдеги (мисалы, бирдей же түрдүү гендин) аллелдеринин ортосундагы ген элементтеринин бүтүндөй системасы деп каралат. Генотип хромосомасындагы организмдин түзүлүшүн, өсүшүн ж-а тиричилик аракетин, б. а. организмдин бардык белгилерин (фенотип) көзөмөлдөйт. Генотип тукум куугучтуктун айрым бир белгисин эмес, чөйрөнүн шартына организмдин реакциясынын нормасын көрсөтөт. Белгилердин фенотиптик көрүнүшүнө чөйрө таасир тийгизет, мисалы, суук жерде багылган коён кара, ал эми мелүүн алкактагысы ак (мурду, кулагы, буту ж-а куйругу кара) түстө болот.