ГОПАК
ГОПА́К (украинче гоп – бийлөө учурунда күчтүү сезим менен айтылуучу сөз) – украин эл бийи, көбүнчө эркектер бийлейт. Гопактын ыр түрүндөгү жана аспаптык обондору музыкалык пьеса катары да аткарылат. Гопактын жанры көптөгөн орус жана украин композиторлорунун чыгармаларында пайдаланылган. Мисалы, Н. Римский-Корсаков «Май түнү», М. П. Мусоргский «Сорочинцыдагы жарманке», П. И. Чайковский «Мазепа» операларында; В. Соловьёв-Седойдун «Тарас Бульба», А. И. Хачатуряндын «Гаянэ» балеттеринде жана симфониялык чыгармаларда, камералык, вокалдык музыкада пайдаланган.



