ГРЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕ́КОВ Митрофан Борисович [1911-жылга чейин М а р т ы щ е н к о Митрофан Павлович; 3 (15). 6. 1882, азыркы Ростов облусу, Шарапаевка хутору – 27. 11. 1934, Севастополь)] – живописчи, сүрөтчү, баталист. Одесса сүрөтчүлөр окуу жайында (1898–1903), кийин Петербург сүрөт академиясында (1903–1911) окуган. Советтик баталдык живопистин баштоочусу. Граждандык согуштун (1918–1920) реалдуу окуяларына алгачкылардан болуп кайрылган «Будённыйдын отрядына» (1923), «Тачанка» (1925), «Биринчи атчандар армиясынын сурнайчылары» (1934) (баары Третьяков галереясында) жана башка чыгармаларында 1-Атчандар армиясынын даӊктуу жолу жана совет бийлиги үчүн күрөшкөн элдин образы чагылдырылган. 1935-жылы түзүлгөн Аскер сүрөтчүлөрүнүн студиясы М. Грековдун атында. Минск шаарынын бир көчөсүнө Митрофан Борисович Грековдун ысмы берилген. Москва шаарындагы Третьяковский мамлекеттик Галереясында анын бир нече эмгектери сакталган.

М. Б. Греков
Греков М. Б. «Кубанды көздөй». 1934. Третьяков галереясы. (Москва).
М. Б. Грековдун үй-музейи. Новочеркасск, 1957.