ГЕОГРАФИЯЛЫК КЕӉДИК
ГЕОГРАФИЯЛЫК КЕӉДИК – жер бетиндеги чекиттин абалын аныктаган географиялык координаталардын бири; берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч. Астрономиялык ж-а геодезиялык болуп бөлүнөт. Географиялык кеңдик Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет.