ГРИМ
ГРИМ (фр. grime – маскарапоз чал, эски италянча grimo – бырыштуу дегенден) – ар кандай боёк, пластика, жасалма сакал-мурут, чач жана башка жабыштыруу менен актёрдун кебетесин, асыресе бет түзүлүшүн өзгөртүү өнөрү. Гримдин өзүнчө өнүгүү тарыхы бар. Театрдагы Гримдин мүнөзү пьесадагы образдын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө, актёрдун негизги оюна, режиссёрдун концепциясына, спектаклдин жасалгалануу стилине жараша болот. Гримге портреттик мүнөздүү белгилерди түзүүдө кайрылышат. Ал эми кинодогу Грим оператордун техникасына, жарыкка, плёнкага ылайык өтө кылдат пайдаланылганы менен өзгөчөлөнөт. Грим өнөрү кыргыз театрларында 1929-жылдан өнүгө баштаган. Бул ишке артисттер К. Эшимбеков, М. Кыштообаев жана башкалар катышып келген. Грим өнөрү боюнча кыргыздын туӊгуч адиси – А. Сманалиев. Түстүү кинотасмалардын, кинооптиканын жаӊы түрлөрүнүн өнүгүшү гримчи-сүрөтчүлөрдүн алдына жаӊы милдеттерди койгон. СССР кинематографисттер союзунун мүчөлөрү Э. Котова, В. Белякова «Менин жаӊылыштыгым» (1957), «Токтогул» (1957),




«Жоро» (1964), «Биринчи мугалим» (1965), «Бакайдын жайыты» (1966), «Саманчынын жолу» (1967), «Караш-караш окуясы» (1969), «Ак Мөөр» (1969), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), «Уркуя» (1972), «Көчө» (1972), «Ак кеме» (1975) сыяктуу кыргыз көркөм тасмаларына гримчи-сүрөтчү катары салым кошкон.