ВЕРСАЛЬ
ВЕРСА́ЛЬ , В е р с а й – Франциядагы шаар, Париждин түш.-батыш тарабынан орун алган. Ивелин департаментинин адм. борбору. Калкы 84,2 миӊден ашуун (2015). Темир жол бекети. Людовик XIVнүн тушунда курулуп, кийин анын

Башкы резиденциясы (1682-жылдан 1789-ж. чейин) болгон. В-да Версаль тынчтык келишимдерине [Жети жылдык (1756–63-ж.) ж-а Түн. Американын көз карандысыздыгы үчүн (1775–83) согуштарды, 1-дүйнөлүк согушту (1914–18) жыйынтыктаган] кол коюлган. 1940-ж. фашисттик немистик армия басып алып, 1944-ж. бошотулган. В. арх-ралык ж-а көркөм сүрөт искво эстеликтери аркылуу дүйнөгө таанылган. Шаар Людовик XIIIнүн чакан аӊчылык чебинен (17–18-к-да) зор ак сарай-парк ансамблине айланган. Ак сарайдан туш-тарапка жолдор кетет. Ири парктар жайгашып, алар фонтандар, статуялар м-н кооздолгон. Белгилүү живописчилер, скульпторлор, жыгач усталар ак сарай

1678–86. Арх. Жюль Ардуэн-Мансар, Ш. Лебрендин живопистик панносу.
дын бөлмөлөрүн өзгөчөлөнтүп кооздошкон (Посол тепкичи, Күзгүлүү гал., Тынчтык залы ж. б.). Парктагы белгилүү курулуштардын бири – Чоӊ Трианон ж-а Кичи Трианон ак сарайлары. Резиденциянын айланасында король мекемелери, ири курулуштар орун алган. В-дагы арх-ралык ансамбль классицизм мүнөзүндөгү курулуштар м-н айкалышып, Европа өлкөлөрүнүн шаар курулушуна ж-а парк иск-восунун өнүгүшүндө чоӊ таасир тийгизген. 1830-ж. В. ансамблдери Улуттук музей статусуна ээ болгон. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Собор, чиркөө, ун-т, жогорку мектептер (көркөм искво, арх-ра, ландшафт дизайны), ин-т (парфюмерия- косметика өнөр жайы үчүн адистерди даярдайт), театр, музей бар. Туризм борбору.
Ад.: Алпатов М. Архитектура ансамбля Версаля. М., 1940.