ГУБЕРНАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУБЕРНА́ТОР (лат. gubernator – башчы) – кээ бир өлкөлөрдөгү аймактык бирдиктерди башкарган жооптуу кызмат адамы. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында Губернаторду штаттын аткаруу бийлигинин башчысы катары жергиликтүү эл шайласа, Россияда облустардын жетекчиси катары президент тарабынан сунушталып, жергиликтүү кеӊештин макулдугу керек. Кыргызстанда Губернатор облустун жетекчиси катары президенттин буйругу менен бекитилет.