ГЯУРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Николай Гяуров - легенда, Велинграддык опера ырчысы.

ГЯУ́РОВ Николай (13. 9. 1929, Велинград, Болгария – 2.6.2004, Италия, Моден) – болгар опера ырчысы (бас), Болгария Эл Республикасынын эл артисти (1962). София консерваториясында окуган, Москва консерваториясында билимин жогорулаткан (1955). 1956-жылдан София элдик театрында, 1957–1958-жылдары СССР Чоӊ театрында, 1960–2004-жылдары «Ла Скала» театрында (Милан) солист. Комедиялык жана лирикалык партияларды аткарган: Дон Базилио (Россини, «Севильялык чачтарач»), Мефистофель (Гуно, «Фауст»), Пимен жана Варлаам (Мусоргский, «Борис Годунов»), Галицкий (Бородин, «Князь Игорь»), Креон (Керубини, «Медея»), Гремин (Чайковский, «Евгений Онегин») жана башка дүйнөнүн ири театрларында ырдаган.

Н. Гяуров