ГҮЛ ТҮШҮРҮҮ
ГҮЛ ТҮШҮРҮҮ – боёк менен гүл түшүрүлгөн кездеме. Ал оймо же терме тактада басылат. Элдик көркөм искусствосунун эӊ байыркы түрлөрүнүн бири болгон. Гүл түшүрүү Чыгыш жана Европа өлкөлөрүндө орто кылымда кеӊири тараган. Орус Гүл түшүрүүсү өткөн мезгилдин элдик көркөм искусствосунда көрүнүктүү орунду ээлеген. Ал тактага салынган кездемени балка менен «ургулоо» техникасы аркылуу даярдалган. Такталардын саны «манер» же «гүл» оймодогу боёктордун санына дал келген.


