ГҮЛЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:00, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЧӨ – Ош облусундагы Алай районунун борбору, кыштак. Гүлчө айыл округуна караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун жана Гүлчө суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Ош шаарынан 85 километр түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 14430 (2009). Гүлчө акционердик коому, май заводу, нан комбинаты иштейт, төрт орто мектеп (анын ичинен 2 лицей), балдардын чыгармачылык борбору, бала бакча, маданият үйү, музей, китепкана, оорукана, тиш дарылоо кабинети, үй-бүлөлүк врачтар тобу, эс алуу жайлары, мончолор бар. Кыштактын аймагында биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык Гүлчө-Дөбө археологиялык эстелигинин калдыктары сакталган.

Алайдын Гүлчө айыл өкмөтүнө кире бериштеги арка.
Кечки арка.
Гүлчө кыштагы.