ГЕРЕЙ-ШОРОН
ГЕРЕЙ-ШОРОН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 32 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. Калкы 2341 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, бала бакча, амбулатория ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Сатыбалдиев туулган.