ГЕРОДОТ
ГЕРОДО́Т ( болжол м-н б. з. ч. 484, Кичи Азия, Галикарнас – б. з. ч. 425-жыл чен, Түштък Италия, Фурия) – «тарыхтын атасы» аталган байыркы грек тарыхчысы. Тиранияга каршы күрөшкө

жашынан катышып, Галикарнаста тираниялык башкаруу орнотулгандан кийин мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон. Геродот Кичи Азия, Вавилон, Финикия, Египет ж. б. жерлерге саякат жасаган. Узак убакыт Афины шаарында жашаган. Кара деӊиз жээгинде болуп, скифтер (сактар) жөнүндө маалымат жыйнаган. Анын шарттуу түрдө «Тарых» деп аталган эмгеги грек тарыхынын зор маанилүү саясий окуясына – грек-перс согуштарына (б. з. ч. 500–449) арналган. Бирок, ал эмгеги бүтпөй калган. Кийин александриялык илимпоздор аны 9 китепке бөлүп, «Музалар» деп атаган. Аларда Азия элдери м-н мамлекеттери тууралуу географиялык, этнографиялык ж-а тарыхый материалдар арбын. Эмгектин негизги идеясын гректер м-н чыгыш элдеринин күрөшүн көрсөтүү түзөт. Геродоттун үч китеби ошол күрөштүн жеткен жери – Ксеркстин жортуулдары жөнүндө баяндайт. Анда Хорезмдин, Парфиянын, Бактриянын жергиликтүү элдери, алардын турмушу жөнүндө да маалыматтар бар. Кыргызстандын аймагын байырлаган байыркы уруулар – сактар жөнүндө бай маалыматтар чагылдырылган: «Сактар баштарына төбөсү шуштугуй, тик, бийик баш кийимдерди кийишкен. Алар сак жаалары ж-а канжарлары м-н куралданышкан. Перстер бардык скифтерди сактар деп аташкан...». «Тарыхта» келтирилген маалыматтар грек ж-а байыркы чыгыш тарыхын гана эмес, сактардын тарыхын изилдөөдө да (4-китебинде алардын турмуш-тиричилиги, салттары, жашоо образы ж. б. тууралуу ар тараптуу кеӊири маалыматтар алгачкы жолу берилет) баа жеткис булак болуп саналат.
Ад.: Лурье С. Я. Геродот. М.; Л., 1947; Доватур А. И. Повествовательный и научный стиль Геродота. Л., 1957.